Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 19-мартындагы №93 «Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «8 538 622,5», «4 699 350,7», «1 012 285,6», «939 796,3», «912 777,8», «974 412,1» деген цифралар тийиштүү «8 611 793,7», «4 763 066,2», «1 015 258,9»,  «939 615,2»,  «915 574,9», «978 278,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 12 - пункттагы:

- 6-пунктча төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын:

“кызматкерлерине” деген сөздөн кийин “2019-жылдын 1-июлуна чейин” деген сөздөр менен, “сомдон” деген сөздөн кийин “2019-жылдын 1-июлунан тартып  5000 сомдон” деген сөздөр менен;

- 7-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“2019-жылдын 1-июлунан тартып бул органдардын кенже жана техникалык тейлөө персоналына 6000 сомдон”;

- 8-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“2019-жылдын 1-июлунан тартып бул органдардын кенже жана техникалык тейлөө персоналына 5000 сомдон”;

- 11-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“2019-жылдын 1-июлунан тартып калкты аралаш кабыл алуучу биринчи медициналык-санитардык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлерлерине 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2, 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

5) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына  (Н. А. Кулматова) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- 2019-жылдын 1-январына карата чыгашалардан ашкан кирешенин эсебинен багытталган чыгашалардын суммасы (xlsx. 165Кб)