Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидеринин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан  чыгарылсын:

регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан- Аматов Рысбай Аматович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиядан – Сариев Таалайбек Жолдошбаевич - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

 социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан – Сыдыков Эмил Мурзабекович -  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан – Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан – Исмаилов Сайдахмат Аблезович жана Досиев Эдик Шарипович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөлөрү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан - Жумалиев Чынгыз Зайнидинович -“Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү.

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга – Сариев Таалайбек Жолдошбаевич жана Жумалиев Чынгыз Зайнидинович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөлөрү;

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга  - Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга – Досиев Эдик Шарипович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга – Аматов Рысбай Аматович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга – Жамгырчиев Талантбек Анарбекович -“Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга - Исмаилов Сайдахмат Аблезович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункттун 6-сабындагы “Аматов Рысбай Аматович” деген сөздөр  “Сариев Таалайбек Жолдошбаевич” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) төмөнкү мазмундагы “Жумалиев Чынгыз Зайнидинович-“Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү” деген 6-сап менен толукталсын.

в) 2-пункттун 3-сабындагы “Сариев Таалайбек Жолдошбаевич”  деген сөздөр “Акылбеков Асылбек Акылбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 3-пункттун 5-сабындагы “Сыдыков Эмил Мурзабекович”  деген сөздөр “Исмаилов Сайдахмат Аблезович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) 4-пункттун 7-сабындагы “Акылбеков Асылбек Акылбекович”  деген сөздөр “Досиев Эдик Шарипович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

е) 5-пункттун 6-сабындагы “Досиев Эдик Шарипович”  деген сөздөр “Аматов Рысбай Аматович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ж) 6-пункттун 5-сабындагы “Жумалиев Чынгыз Зайнидинович”  деген сөздөр “Жамгырчиев Талантбек Анарбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров