Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-ж. 05-декабрь

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек  шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону  бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 13-июнундагы №1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган  “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-2018 жылдар үчүн “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы төмөнкү жарандарга  ыйгарылсын:

1) эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкери, персоналдык пенсионер, Бишкек шаарынын ардактуу ардагери – Евгений Андреевич Данилинге;

2) Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген кызматкери, персоналдык пенсионер, №12 кичирайонунун аксакалдар сотунун төрагасы – Асанбек Мамырбаевге;

3) муниципалдык кызматтын отличниги, 2008-жылдагы Бишкек шаардык кеңештин мурунку төрагасы – Айбек Шермамбетович Осмоналиевге;

4) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, эмгек ардагери, легендарлуу парламенттин депутаты, “Аймактык типтеги курулуш – монтаждоо башкармалыгы” ЖЧКсынын генералдык директору – Насирдин Карбаевич Юсуповго;

5) медицина илиминин кандидаты, доцент, Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук  борборунун башкы дарыгеринин орун басары – Амантур Токтомбаевич Джумаевге;

6) Бишкек шаардык кеңештин 3 жолку чакырылышынын депутаты – Павел Николаевич Десятниковго;

7) «Маданият-Тарых-Тил» телеканал студиясынын редактору, алып баруучусу директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги – Бактыбек Камчыбекович Мамытовго;

8) Кыргыз Республикасынын эл акыны, котормочу, СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  ишмери – Рамис Рыскуловго;

9) профессор,  Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы, Билим берүүнүн отличниги – Александр Самуилович Кацевге;

10) КРСУнун №2 терапия кафедрасынын доценти, “Юни Клиник” МБсынын врач-кардиологу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги – Абдимиталип Нышанбаевич Халматовго;

11) “Бишкеккурулуш” ААКсынын долбоорлоо тобунун директору,  Кыргыз Республикасынын курулушчулар союзунун төрагасынын коомдук жардамчысы – Татьяна Александровна Шапаваловага;

12) «Рабочий профессиональный союз железнодорожников» профсоюзунун республикалык тармактык бирикмесинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын ардактуу темир жолчусу, Бишкек шаардык кеңештин 3  жолку чакырылышынын депутаты – Эрнис Шарапидинович Докеновго;

13) «Дзюдо» жана «Самбо» күрөшү боюнча СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын “Самбо” күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусуу  – Азизбек Бакаевич Шакировго;

14) «Институт Евразийских исследований» өнүгүү фондунун филиалынын директору,  Бишкек шаардык кеңештин 3  жолку чакырылышынын депутаты – Таалайбек Джолдошбекович Сагыновго.

2. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы  № 311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2017-2018 – жылдарда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров