Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына  салыктык укук мамилелери

чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды 

өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу

 

         Бишкек шаарында  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу, салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты  натыйжалуу жүргүзүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнө,  Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 52-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3- беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда Бишкек шаарынын мэриясына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда Бишкек шаарынын мэриясына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

  1.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдооБишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. Ж. Алымов) жанаБишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э. З. Зарлыковго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                        К. Б. Музуралиев

 

 

                                                           Бишкек шаардык кенештин

                  2017-жылдын "_____" _________

                                                          № ___ токтомуна  тиркеме

                                     

Бишкек шаарынын мэриясына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

келишим

 

Бишкек шаары                                         “____” ___________ 2017-жыл

 

 

1. Келишимдин тараптары

 

1.1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” жобонун негизинде иш жүргүзгөн, мындан ары “Мамлекеттик орган” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атынан ____________________________________________ бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзгөн, мындан ары “Мэрия” деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын атынан _________________________________ экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышынын тартиби жөнүндө” жобону (мындан ары – Жобо) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

 

 

2. Келишимдин предмети

 

         2.1. Мамлекеттик орган Мэрияга төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:

         1) Салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү салыктардын, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу;

         2) Төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү жана жергиликтүү салыктарды, патенттин негизиндеги салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр боюнча отчёттуулукту түзүү;

         3) Салык төлөөнү патенттин кийинки колдонулуу мөөнөтүнө төлөө жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүү;

         4)  Ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизинде ишмердигин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр боюнча отчёттуулуктун эсебин жүргүзүү жана түзүү;

         5) Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында рейддик салык контролун өткөрүү;

         6) Бишкек шаарынын аймактык салык органдары (мындан ары – салык органы ) менен биргеликте салык постун орнотуу;

         7) Салык төлөөчүлөр мойнуна алган, салык карыздарын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө салык органынын чечимин салык төлөөчүлөргө  тапшыруу, ошондой эле салык органдарынын алдында салык карыздарын өндүрүп алууну демилгелөө.

         2.2. Мэрия жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

         2.3. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Мэрия ушул келишимге ылайык төмөнкү салык органдары менен толук кандуу өз ара аракеттенет:

         Октябрь району боюнча МСКБ;

         Биринчи май району боюнча МСКБ;

         Свердлов району боюнча МСКБ;

         Ленин району боюнча МСКБ.

 

 

3. Мамлекеттик органдын

мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдөгү                   укуктары жана милдеттери

 

         3.1. Мамлекеттик орган өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдө төмөнкү укуктарга ээ:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну контролдоого;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жол берилген бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктарды берүүгө;

         өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат суроого;

         ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

         3.2. Мамлекеттик орган өз компетенцияларынын  чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл усулдук, уюштуруучулук, кеңеш берүү жардамдарын көрсөтүүгө;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу иши жүктөлгөн кызмат адамдарынын квалификацияларын жогорулатуу максатында жылына эки жолудан кем эмес окууларды өткөрүүгө;

         Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ар бир айдын 5-күнүнөн кеч эмес, жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон салык төлөөчүлөр жана алар тарабынан аткарылуучу мүлккө карата салык, жер салыгы, ыктыярдуу, милдеттүү патенттин негизиндеги салыктар боюнча салык милдеттенмелери жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык камсыз кылууга;  

         Мэриянын суроосу боюнча салык төлөөчүлөр мойнуна алган салык карыздарынын бар экендиги тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктарга карата аны өндүрүп алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматты берүүгө.

 

 

4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Мэриянын укуктары жана милдеттери

 

         4.1. Мэрия өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкү укуктарга ээ:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн усулдук, уюштуруучулук, кеңеш берүү жардамдарын алууга;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген  бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жазма буйруктарына, анын ичинде соттук тартипте да даттанууга;

         ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

         4.2. Мэрия өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:  

         ушул келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдүн өткөрүлүшү үчүн шарттарды камсыз кылууга;

         квалификацияны жогорулатуу үчүн Мамлекеттик орган тарабынан өтүлүүчү окууларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткарган кызмат адамдарынын катышуусун камсыз кылууга;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Мамлекеттик органдын жазма буйруктарын аткарууга;

         жободо белгиленген мөөнөттө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Мамлекеттик органга отчёт берүүгө.

 

 

5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу

Мэриянын кызмат адамы

 

5.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу Мэриянын кызмат адамы муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.

5.2. Өз ишинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткаруучу Мэриянын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

 

 

6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыз кылуу

 

6.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн Мэрияга керектүү финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилген максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүзөгө ашырылат.

         6.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө ыкмасынын негизинде жүргүзүлөт.

         6.3. Келишимдин колдонулуу мөөнөтүнө максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) (1-тиркеме) суммасы ушул келишимге тиркелген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган эсептерине (2-тиркеме) ылайык аныкталган.

 

 

7. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча отчёттуулуктун формасы жана мезгилдүүлүгү

 

         7.1. Мэрия өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча маалыматтарды жана отчётторду Мамлекеттик органга Жободо аныкталган мөөнөттөрдө көрсөтүүнү камсыз кылат.

 

 

8. Мамлекеттик орган тарабынан

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды

аткарууну контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби

 

         8.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырууну контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.

         8.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну контролдоо Мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

         8.3. Мамлекеттик орган:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толуктугуна жана сапатына, аныкталган кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазма буйрукту жөнөтүү укугу менен контролду жүзөгө ашырат;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын, ошондой эле аны жүзөгө ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

         8.4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоону Мамлекеттик орган төмөнкү түрдө жүзөгө ашырат:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчётторду кабыл алуу;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө текшерүүлөрдү жүргүзүү;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашында баалоо.

 

 

9. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонулуу мөөнөтү

 

         9.1. Келишим Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

         9.2. Ушул келишимдин колдонулуу мөөнөтү 3 (үч) жылды түзөт.

         9.3. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга өтүү этап менен, ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу кошумча макулдашуу менен аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

         Эгерде тараптардын бири ушул келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди бузуу жөнүндө өз каалоосун билдирбесе, анда анын колдонулуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.

        

10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

 

         10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

         10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор да Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш жана Бишкек шаардык кеңештин келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

11. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө

ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

 

         11.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу төмөнкү учурларда токтотулат:

         келишимдин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;

         келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар Мэрия тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттер (субвенциялар) жок болгондо;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;

         Мэрия келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартканда (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууда.

         11.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу Мамлекеттик орган же Мэриянын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

         11.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу тараптардын бири келишимдин шарттарын бузган учурда, бул бузуулар талаптагыдай эмес аткарууга алып келгенде же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаткан шарттар түзүлгөндө тараптардын биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.      

         11.4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну Мэрия тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотуу шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги Мэриядан көз каранды эмес себептер боюнча болушу;

         өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн жана (же) жүзөгө ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

         11.5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон күнүнө чейин 15 жумуш күн мурун  башка тарапка жазуу түрүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү.

         11.6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу кабарлама алган тарап, аны 15 жумуш күндүн ичинде кароого жана кабарламаны кароонун жыйынтыктары жөнүндө башка тарапка билдирүүгө милдеттүү.

         Кабарлама менен башка тарап макул болгон учурда өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

         11.7. 30 жумуш күндүн ичинде кабарламаны кароонун жыйынтыктары жөнүндө жазуу түрүндө жооп берилбеген же башка тарап өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макулдугун бербеген учурда, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу Мэрия тарабынан токтотулган күндөн тартып  мамлекеттик ыйгарым укуктар салык органдарынын аткаруусуна алынууга тийиш.

11.9. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотуу, токтото туруу жана андан ары аткаруудан баш тартуу жөнүндө Мэриянын чечими Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”  мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

11.10. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мыйзамда, же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө каржылоо токтотулган учурда Мэрия берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу укугуна ээ жана ал жөнүндө Мамлекеттик органга 15 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.

 

 

12. Тараптардын жоопкерчилиги

 

12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, укуктарды кемсинткендиги же материалдык жана моралдык залалдарды тийгизгендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

 

13. Талаштарды чечүүнүн тартиби

 

13.1.  Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосундагы сүйлөшүү жолу аркылуу же сот тартибинде чечилет.

 

14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн             Бишкек шаарынын мэриясы

Мамлекеттик салык кызматы                             Бишкек шаары, Чүй пр., 166

Бишкек шаары, Чүй пр., 219

 

___________________                                      __________________

 

                                                                                                                

 

   
    Келишимдин 1- тиркемеси 
  Максаттуу трасферттердин суммасы 
 
     
    (миң.сом)
Чыгымдардын аталыштары Бардык керек сумма 
Штаттык бирдиктердин саны 191
1 Айлык акы 34647,5
2 Материалдык сарптоолор 21505,6
БАРДЫГЫ 56153,1

 

 

   
  Келишимдин 2 - тиркемеси 
 
Бир жылга мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн керектүү материалдык сарптоолор боюнча чыгымдар сметасына эсеп-кысап
    (миң.сом)
Байланыш кызматтары 2212/2 574,3
Телефондук жана факсимилдик байланыш кызматтары 22122100 334,3
  - абоненттик төлөм (179тел*148,8сом*12ай)   326,8
  - шаар аралык (5тел.*1500сом)   7,5
Башка байланыш кызматтары 22122900 240,0
  - интернет (5түйүн*4000сом*12ай)   240,0
Башка товар жана кызматтарды сатып алуу 2215 5010,3
Маалымат технологиялар жаатындагы кызматтар 22151400 259,2
  - картриджди толтуруу (72даана*300сом*12ай)   259,2
Имараттарды жана жайларды күтүүдө санитардык кызматтарды сатып алуу 22152100 19,1
  - таштандыны ташып чыгаруу (191адам*100сом)   19,1
Маалымат-коммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн төлөм 22154300 4000,0
  - программалык камсыздоону орнотуу (ИНСАК тибинде)   4000,0
Башка кызматтардын төлөмүнө байланышкан башка чыгымдар   22154900 732,0
  - башка чыгымдар (183адам*4,0 миң.сом)   732,0
Утурумдук чарба максаттары үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу 2222 2196,0
Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу 22221100 1098,0
  - башка инвентарлар, жабдуулар жана материалдар (183адам*6,0 миң.сом)   1098,0
Утурумдук максаттар үчүн башка буюмдарды жана материалдарды сатып алуу 22221200 1098,0
  - канцелярдык жана чарбалык товарлар жана башка сатып алуулар (183адам*6,0 миң.сом)   1098,0
Буюмдук мүлк жана башка формалык жана атайын кийимди сатып алуу, тигүү жана ремонттоо  2223 1464,0
Буюмдук мүлк жана башка формалык жана атайын кийимди сатып алуу, тигүү жана ремонттоо  (183адам*8,0 миң.сом) 22231100 1464,0
Машиналар жана жабдуулар 3112 12261,0
Эмерек сатып алуу (183адам*18,0 миң.сом) 31123210 3294,0
Офистик жабдууларды сатып алуу (183адам*17,0 миң.сом) 31123220 3111,0
Компьютердик жабдууларды сатып алуу (183адам*25,0 миң.сом) 31123230 4575,0
Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу (183адам*7,0 миң.сом) 31123290 1281,0
ЧЫГЫМДАР БАРДЫГЫ 21505,6