Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмелерин берүү жөнүндө

 

 

    Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоолорду түзүү жана  таратуу тартиби жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоолор боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана киргизүү жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын шайлоочулар чогулушунан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлердин тизмелери берилсин (1,2, 3, 4-тиркемелер).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

         Төрага                                                                        К. Б. Музуралиев

 

 

Ленин району

Октябрь району

Биринчи май району

Свердлов району