Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                      Бишкек шаардык кенештин токтому

 
Бишкек шаарындагы топонимика жана атын
түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
 
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-аймактык түзүлүшү жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомство аралык комиссия жөнүндө”   токтомун ишке ашыруу, ошондой эле топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу маселелерин тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                “Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө” жобо бекитилсин (тиркелет).
2.                Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин бул жобого ылайык келтирсин.
3.                Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У. Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №29
 
 
 
 
                                                                   Бишкек шаардык кеңештин
                                                              2013-жылдын “6” июнундагы
                                                              № 29 токтомуна тиркеме
                                                       
Бишкек шаарындагы топонимика жана атын
түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө
ЖОБО
 
Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын   көрүнүктүү ишмерлеринин атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясы жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын   көрүнүктүү ишмерлеринин атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясы жөнүндө”         жобосуна ылайык иштелип чыккан жана Бишкек шаарынын аймагында географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо, унутулгус белгилерди коюуну жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин укуктук негизин белгилейт, Бишкек шаарынын аймагындагы географиялык объекттерди - көчөлөрдү, аянттарды, проспекттерди, саябандарды, туюк көчөлөрдү, аллеяларды, сейил бактарды, гүл бакчаларды, жер алдындагы өтүү жолдорун жана башка ушуга окшош объекттерди атоо жана кайра атоо, ошондой эле унутулгус белгилерди коюу тартибин аныктайт.
I.      Жалпы жоболор
 
1.                Жобо Бишкек шаарында географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо, аларга көрүнүктүү мамлекеттик жана /же коомдук ишмерлердин аттарын, ошондой эле уюмдарга, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кыймылсыз мүлкүнүн объекттерине кайрымдуулук курмандык кылууларды (мындан ары – кайрымдуулук кылуучулар) жүзөгө ашыруучу жарандардын жана юридикалык жактардын аттарын ыйгаруу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салат.
2.                Бул аймакта түзүлгөн шарттарга жана топонимика эрежелерине ылайык, конкреттүү жайгашкан орунга аларды коюу максатында шаардык географиялык объекттерге (топонимдерге) аттарды ыйгарууда атоо жана кайра атоо турат.
3.                Көрсөтүлгөн сунуштарды жана корутундуларды даярдоо, тарыхый-маданий өнүгүүнүн негизги бөлүгү катары аттарды тартипке келтирүү, учетко алуу жана сактоо, көрүнүктүү мамлекеттик жана /же коомдук ишмерлердин, ошондой эле кайрымдуулук кылуучулардын аттарын уюмдарга, муниципалдык карамакта турган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кыймылсыз мүлкүнүн объекттерине ыйгаруу менен байланышкан географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо, унутулгус белгилерди коюу, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык органынын ишин координациялоо маселелери боюнча сунуштарды жана корутундуларды даярдоо үчүн атайын ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия ( мындан ары-комиссия) саналат.
II.   Географиялык объекттерге атоолорду жана кайра атоолорду ыйгарууда көрсөтүлүүчү талаптар
 
4.                Географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо жергиликтүү калктын пикирин, географиялык, улуттук, тиричилик жана башка жергиликтүү шарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт жана топонимдердин илимий жана негиздүүлүк принциптерине жараша жүзөгө ашырылат.
5.     Географиялык объекттин атоо жана кайра атоо тексттери:
1)                айтууга ыңгайлуу, кыска жана эске тутууга жеңил болуусу керек;
2)                кыргыз тилинде жазылган, зарыл болгон учурда кыргыз тилиндеги тексттен кийин расмий жана ар кандай башка тилде пайдаланууга жол берилет;
3)                 негизделген жана географиялык объекттин эң эле жеке мүнөздөмөсүн чагылдыруусу керек.
6.     Географиялык объекттерди кайра атоо төмөнкү учурларда жол берилет:
1)    аббревиатура, номур менен белгиленген болсо;
2)    алардын статусу өзгөргөн болсо;
3)                 алардын тарыхый жана маданий мааниси бар аталыштарын аларга кайтарып берүү максатында;
4)                шаардын аймагынын чектеринде географиялык объекттеринин аталыштарын кайталоону четтетүү үчүн;
5)                Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка өзгөчө учурларда.
7.     Төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1)                көрүнүктүү ишмерлердин аттарын мурда башка ишмерлердин аттарын алып жүргөн объекттерге (кайра атоо) кайталар ыйгарууга;
2)                бир административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бирдей объекттерге тигил же бул көрүнүктүү ишмердин атын ыйгарууга;
3)                аталышта диний, ошондой эле саясий партиялардын жана кыймылдардын аталыштары бар болсо;
8.                Мамлекет, Бишкек шаарынын алдында сиңирген эмгеги бар көрүнүктүү мамлекеттик жана /же коомдук ишмерлердин жана башкалардын аттарын түбөлүккө калтыруу алар өлгөндөн кийин 5 (беш) жылдан кийин жүзөгө ашырылат.
9.                Бишкек шаарынын көчөлөрүн, аянттарын, проспекттерин, саябандарын, тротуарларын, аллеяларын, сейилбактарын, гүл бакчаларын, каналдарын, көпүрөлөрүн, жер алдындагы өтүү жолдорун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин ремонттоону жана/ же курууну жүзөгө ашырган кайрымдуулук кылуучулардын атын түбөлүккө калтыруу көрсөтүлгөн жактардын тирүү кезинде алардын макулдугу менен, ошондой эле алардын атын түбөлүккө калтыруу максатында алар өлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
10.           Унутулгус белгилерди коюу (мемориалдык такта, стела, скульптуралык композиция) атын түбөлүккө калтыруу максатында жүргүзүлөт.
III.           Комиссиянын ишин уюштуруу
11.            Комиссиянын негизги функциялары:
1)                көрүнүктүү мамлекеттик жана /же коомдук ишмерлердин атын түбөлүккө калтыруу, ошондой эле чечим кабыл алуу аркылуу кайрымдуулук кылуучуларга атын ыйгаруу жөнүндө маселелерди кароо жана аларды Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизүү;
2)                атын түбөлүккө калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана бул жобонун талаптарын аткаруунун камсыз кылсын;
3)                атын түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомчулукту маалымдоо.
12.           Комиссия так санда жана Бишкек шаардык кеңеште көрсөтүлгөн ар бир фракциядан экиден депутаттан, Бишкек шаарынын мэриясынан, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан,  Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунан, тарых, коомдук уюм чөйрөсүндөгү маселелер боюнча тейлеген мамлекеттик уюмдан бирден өкүлдөн турат.
13.                 Комиссиянын жеке курамы Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкы сүрөтчүсү саналат. Комиссиянын ишин анын архитектура жана курулуш боюнча жумушчу органы - Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүгү тарабынан түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин жетекчилиги алдында комиссиянын мүчөсү болуп саналбаган, комиссиянын жооптуу катчысы камсыз кылат.
14.                Комиссиянын ишин анын төрагасы, төраганын орун басары жана катчы уюштурат, ошону менен бирге төраганын орун басары комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.
Комиссиянын төрагасы (ал жок болгон учурда-төраганын орун басары) төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1)                    комиссиянын ишин пландайт жана жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2)                    комиссиянын жыйынын өткөрүү датасын жана убакытын белгилейт;
3)                    комиссиянын ар бир жыйынынын күн тартибин бекитет;
4)                    комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
5)                    комиссиянын жыйынынын протоколдоруна жана комиссия тарабынан киргизилүүчү чечимдерине, ошондой эле комиссиянын иши үчүн тийиштүү документтерге кол коёт;
6)                    комиссиянын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
7)                    мыйзам тарабынан белгиленген жана комиссиянын иши үчүн тийиштүү башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Комиссиянын катчысы:
1)                    комиссиянын жыйынынын кароосуна материалдарды даярдоону жүзөгө ашырат;
2)                    комиссиянын мүчөлөрүн жана чакырылуучуларды комиссиянын жыйындарын өткөрүү датасы жана убагы жөнүндө тийиштүү деңгээлде кабарлайт;
3)                    комиссиянын ишин коштоо боюнча иш кагазды жүргүзөт;
4)                    төраганын жетекчилигинин алдында өз ишин жүзөгө ашырат.
15.                 Комиссиянын ишинин негизги формасы болуп, материалдардын түшүүсүнө жана даярдалышына жараша, бирок жарыл жылда бир жолудан көп эмес комиссиянын төрагасы тарабынан чакырылуучу анын жыйыны саналат. Комиссия жыйында катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Добуш тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими корутунду түрүндө жол-жоболоштурулат жана төрага жана катчы тарабынан кол коюлат.
16.                 Комиссия Бишкек шаарынын калкынын, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маселелерди талкуулоо үчүн тартуу менен ачык жыйын өткөрүүгө укуктуу. Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, ошондой эле комиссия тарабынан чакырылган башка жактар кеңеш берүү укугу менен катыша алышат.
17.                Комиссиянын ишин материалдык –техникалык камсыздоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
IV.           Географиялык объекттерди атоону жана кайра атоону ыйгаруу тартиби
 
§1. Жалпы жоболор
 
18.                 Бишкек шаарынын көчөлөрүн, аянттарын, проспекттерин, саябандарын, тротуарларын, аллеяларын, сейилбактарын, гүл бакчаларын, каналдарын, көпүрөлөрүн, жер алдындагы өтүү жолдорун жана башка ушуга окшош объекттерге атоону жана кайра атоону ыйгаруу жана атын түбөлүккө калтыруу маселелери түшкөн сунуштардын негизинде комиссия тарабынан каралат.
19.                 Географиялык объекттерге атоону жана кайра атоону ыйгаруу жөнүндө сунуш мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын аймагында ишин жүзөгө ашыруучу уюмдар жана бирикмелер, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жашаган жүз адамдан кем эмес сандагы жарандар (мындан ары – арыздануучулар) тарабынан киргизилиши мүмкүн.
20.                 Географиялык объекттерди атоо (кайра атоо) жөнүндө түшкөн документтер комиссияга кезектеги жыйынга чейин бир айдан кеч эмес берилиши керек.
21.                Комиссиянын жыйыны башталганга чейин 7 календардык күндөн кеч эмес анын мүчөлөрүнө талдоо үчүн керектүү материалдар жана күн тартиби жөнүндө маалыматтар берилет. Берилген маселени кошумча талдоо зарыл болгондо, комиссиянын жыйыны бир айдан көп эмес мөөнөткө жылдырылыш мүмкүн.
22.                Атоо жана кайра атоо жөнүндө көрсөтүүчү арыздануучулар төмөнкү документтерди берүүсү керек:
1)    Географиялык объекти атоо жана кайра атоо жөнүндө өтүнүчү;
2)                эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу (башкармалыктын, ишкананын уюмдун, мекеменин ж.б. коллегиалдык органынын чечими);
3)                калктын коомдук пикирин табуу протоколдору жана атоо (кайра атоо) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сунуш мүнөздөгү алардын жашаган жери боюнча жарандарды суроонун жыйынтыктары;
4)                көчөлөрдү, проспекттерди, саябандарды атоодо (кайра атоодо) бул көчөдө, проспектте, саябанда жашаган үй ээлеринин жалпы санынан жарымынан көбүнүн макулдугу болуусу тийиш;
5)                географиялык объектти кимдин аты менен атоо сунушталып жаткан жак жөнүндө кеңейтилген маалыматтарды камтыган объектти жаңы атоонун (түшүндүрмө кат) негиздемеси;
6)                географиялык объекттин жайгашуусу же графикалык материалдары, өлчөмү жана аны куруу мүнөзү менен көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн чийме -картасы;
7)                географиялык объекттерди атоо (кайра атоо), унутулгус белгини коюу менен байланышкан чыгымдар эсеби, географиялык объекттерди атоону же кайра атоону ыйгаруу боюнча иштерди каржылоо булагы жөнүндө сунуш;
8)                унутулгус белгинин эскиздик долбоору жана жайгаштыруу орду боюнча сунуш;
9)                 мемориалдык тактаны орнотууга объекттин ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу;
10)               географиялык объектти атоону (кайра атоону) сунуштаган арыздануучулар жөнүндө маалыматтар, алардын дареги, телефону.
23.                 Комиссия географиялык объектти атоону (кайра атоону) макулдашуу (же макулдашууда баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими арыздануучуга жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна жөнөтүлөт.
Географиялык объектти атоону (кайра атоону) ыйгаруу же атоону (кайра атоону) ыйгарууда баш тартуу Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна жөнөтүлөт.
Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссияга жөнөтүлүшү мүмкүн. Географиялык объектке атоону (кайра атоону) ыйгарууда баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуу- негиздемесин камтуусу тийиш.
§2. Географиялык объектке кайрымдуулук кылуучулардын атын ыйгарууга карата жоболор
24.                Географиялык объектке кайрымдуулук кылуучулардын атын ыйгаруу жөнүндө маселени киргизүүдө арыздануучулар бул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкү документтерди беришет:
1)                     өткөрүлгөн жана/ же пландалган кайрымдуулук курмандык кылуулар жөнүндө маалыматтар;
2)                    унутулгус белгини долбоорлоо, даярдоо жана коюу боюнча иштерди каржылоо жөнүндө арыздануучуну милдеттенмеси менен кепилдик кат;
3)                    географиялык объекттерди ремонттоо же куруу менен байланышкан чыгымдардын эсебинин суммасынан 10%дан кем эмес кепилдик төлөм.
25.                 Арыздануучу комиссиянын жана Бишкек шаардык кеңештин атоону (кайра атоону) ыйгарууда макулдашууга алдын-ала чечимин алуусу, андан ары курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин азыркы талаптарына ылайык, бардык техникалык документтерди жол-жоболоштурууну жүргүзүүсү керек.
26.                Техникалык документтерди жол-жоболоштурууда өз эсебинен белгиленген мөөнөттө ремонт жана /же курулуш жүргүзөт жана эксплуатацияга өткөрүп берет.
27.                Эксплуатацияга киргизүү жөнүндө документтер бар болгондо, комиссия географиялык объектке атоону (кайра атоону) ыйгаруу боюнча акыркы чечимди чыгарат жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет.
28.                Шаардык кеңештин географиялык объектке атоону (кайра атоону) ыйгаруу жөнүндө токтомун чыгарууда арыздануучу ремонт жана/ же курулуш объекттин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын балансына эксплуатацияга өткөрүп берген учурунан тартып эки жылдын ичинде аны кийинки күтүүсү менен өткөрүп берет.
29.                Атоону (кайра атоону) ыйгарууда жашыл бак-дарактары менен зоналар (сейил бактар, гүл бакчалар ж.б.у.с.) күтүү арыздануучу тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт, ошону менен бирге күтүү үлүшү жалпы чыгымдардын үчтөн бирин түзөт.
§3. Географиялык объекттерге атоону жана кайра атоону ыйгаруунун корутунду жоболору
 
30.                 Географиялык объектке атоону же кайра атоону ыйгаруу комиссиянын чечиминин негизинде Бишкек шаардык кеңештин сессиясында жүргүзүлөт.
31.                Географиялык объектке атоону же кайра атоону ыйгаруу боюнча иш-чараларга чыгымдар Бишкек шаарынын бюджетинин жана башка тыюу салынбаган булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
32.                Географиялык объектти кайра атоодо арыздануучунун эсебинен жүргүзүлгөн курулуш, капиталдык ремонт мамлекеттик органдардан же жергиликтүү өз алдынча башкаруудан тышкары бардык келтирилген чыгымдар арыздануучуга он эсе өлчөмүндө Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен кайтарылып берилет.
33.                Азыркы турган жана ыйгарылуучу атоолор мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учёттон өтүүгө тийиш.
34.                Бишкек шаардык кеңештин географиялык объектке атоону же кайра атоону ыйгаруу жөнүндө токтому расмий жарыяланууга  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
35.                Атоону (кайра атоону) ыйгарууга уруксат алуу үчүн этаптарды өтүү мөөнөтү бир календардык жылдын ичинде же комиссиянын чечими менен белгиленет.
V.   Унутулгус белгилерди даярдоо жана орнотуу  тартиби
36. Унутулгус белгилер көпкө чейин туруучу жана сапаттуу материалдардан жасалат.
37. Унутулгус белгилер көрүнүктүү ишмер жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган имараттын фасаддарынын дубалына, ошондой эле анын атынан аталган жайгашкан көчөлөрдө, административдик имараттын интерьерине, ошондой эле Бишкек шаарынын тарыхында өзгөчө окуялар менен байланышкан жерлерге жакын, сейил бактарда жана гүл бакчаларда орнотулушу мүмкүн.
38. Унутулгус белгилердин эскиздик долбоорлору жана аларды жайгаштыруу боюнча сунуштар аткаруу техникасына, композициялык жана эстетикалык мүнөздөмөлөрүнө карата архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
39. Унутулгус белгинин көлөмү батыруучу маалыматтын көлөмү менен, көркөмдүк баяндалуусунун бардыгы, божомолдонгон жайгаштыруу ордунун көлөмү менен аныкталат.
40. Текст тарыхый окуянын же унутулгус белги арналган жарандын, анын аты-жөнүн толук көрсөтүү менен (акыркысы бар болсо) жашоосунун (ишинин) мезгилинин мүнөздөмөсүн камтуусу тийиш.
41. Унутулгус белгини орнотуу боюнча чыгымдарды арыздануучулар тартышат.
42. Унутулгус белгилерди коюу боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлердин атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов