Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19

"Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 6-главасын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 13-майындагы № 186 "Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 "Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- "Президиумдун мүчөлөрү" бөлүмүнүн 9-абзацындагы "Адылбеков Увазарбек Есенаманович" деген сөздөр "Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 30-июну, №192