Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин

туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө"

токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесин, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча, муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп "Замандаш-Современник" фракциясынын мүчөсү - Абдырасулова Билимкан Маратовна;

Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп "Республика" фракциясынын мүчөсү - Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пункттагы "Епифанцев Станислав Викторович" деген сөздөр "Абдырасулова Билимкан Маратовна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пункттагы "Адылбеков Увазарбек Есенаманович" "Замандаш-Современник" фракциясынын мүчөсү" деген сөздөр "Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич" "Республика" фракциясынын мүчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 13-майы, №186