Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

«Бишкек шаарынын Ардактуу жараны»

наамын ыйгаруу жөнүндө

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 «Бишкек  шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө жобону  бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген жобого ылайык, 2015-жылдын 10-июлундагы комиссиянын №1 чечиминин жана 2015-жылдын 21-июлундагы “Вечерний Бишкек” газетасынын  83-санында жарыяланган “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алуу менен, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       2015-жылга “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын:

1)      Гасанов Асад Гасан оглыга - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу,  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу;

2)      Зарифьян Анэсс  Гургеновичке  – Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери,  профессор,  Б. Н. Ельцин атындагы  Кыргыз-Орус Славян университетинин кафедра  башчысы;

3)      Иманалиев Бейшенбек Султановичке - Кыргыз Республикасынын эмгек  сиңирген  куруучусу, “Кыргыз тили” республикалык коомунун вице-президенти;

4)      Касиев Накенге – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

5)      Мамеев Тологонго – Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын улуттук  жазуучулар союзунун мүчөсү;

6)      Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке – Бишкек шаардык кеңештин  ХХIV, ХХV, ХХVI чакырылыштарынын депутаты;

7)      Сеитбеков Сайфудин Сеитбековичке - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;

8)      Каткова Лидия Петровнага - Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкери.

2.       Бишкек шаарынын мэриясы Депутаттардын  Бишкек шаардык Кеңешинин  2007-жылдын 19-мартындагы  № 311 «Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2015-жылда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3.       Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.       Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы                                                                      А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №162