Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасын шайлоо жөнүндө

        

Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын  эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамынын 37-беренесине, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 16-23-пункттарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын эсептөө комиссиясынын жыйынынын Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө №1, №2, №3 протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бишкек шаардык кеңештин депутаты – Алмаз Муканович Кененбаев XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

Төраганын орун басары                                         Ч. К. Шейшекеева

Бишкек ш.,

26-октябрь 2015-жыл, №154