Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын Ардактуу жараны”

наамын ыйгаруу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, комиссиянын 2015-жылдын 13-февралындагы №2 чечиминин  жана 2015-жылдын 3-мартындагы “Вечерний Бишкек” газетасына жарыяланган “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга  көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде,  Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-2014-жылдарга  "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы төмөнкүлөргө  ыйгарылсын:

   1) Акматалиев Абдылдажан Амантурович - филология илимдеринин доктору, академик,  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

   2) Акматбаев Муратбек Таберикович - Бишкек шаардык кеңештин XXIV,  XXV, XXVI  чакырылыштарынын депутаты;

   3) Батаканов  Мирбек Топчуевич- “Бишкекжылуулуктармак” Ачык акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси;

   4) Бебезов  Хаки  Сулейманович- медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан-Россия Славян университетинин  госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы;

   5) Джумабеков  Сабырбек  Артисбекович- Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясынын академиги,  медицина илимдеринин доктору, профессор, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору;

   6) Ералиев  Садыбакас- Улуу Ата Мекендик согушутун катышуучусу,  персоналдык  пенсионер;

   7) Иминова  МадинаКабыловна -  медициналык айым,  2010-жылдын 7-апрелиндеги жапа чеккендерди куткарууда көрсөткөн кайраттуулугу жана эрдиги үчүн;

   8) Исаев  Сарыку  Исаевич - эмгек сиңирген пенсионер,  “Ардак Белги”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин кавалери;

   9) Исмаилов  Таалайбек Касымович -  “Эйр Кыргызстан”  Ачык акционердик коомунун  учуу департаментинин улуг  штурманы;

  10) Омурбеков Талантбек Ороскулович - медицина илимдеринин доктору, профессор, шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын  башкы врачы, Бишкек шаардык кеңештин XXIV,  XXV, XXVI  чакырылыштарынын депутаты;

  11) Назаренко  СветланаАнатольевна - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,  «Город 312»  тобунун солисти;

  12) Суранов  Жантуре Асанбаевич - жазуучу,  Кыргыз Республикасынын  жазуучулар союзунун мүчөсү;

  13)Уметалиев  Өмүрбек Асылбекович - “Аксакалдар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы.

 

 2. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, кубөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын Ардактуу  жарандарынын Китебинин жолоборун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык,  2013-2014-жылдарда бул наамга татыктуу болгондорго тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин,  Грамоталарын, күбөлүктөрүн  бир айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылсын.

 

 3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл, № 131