Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы

№339 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы

турак жай курулушу үчүн жер участокторун берүү тартиби

жөнүндө” жобого  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жеке турак жай курулуш чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө ачыктыкты жана максималдуу контролду камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339  “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө  жана  Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун  алууга жарандардын кезегин түзүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы турак жай курулушу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2. 12-пункту алынып салынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339  “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө  жана  Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун  алууга жарандардын кезегин түзүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы турак жай курулушу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобону  Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирсин   жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу М. Н. Саккараевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

31-октябрь  2014-жыл, №102