Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

"Бишкек шаарынын мэриясына караштуу

мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жөнүндө"

 жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынажана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы N 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунаылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы N 248 "Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жана кызматтары тарабынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынынаткарылышынын жүрүшү жөнүндө" токтомунаткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жөнүндө" жоботиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясына (С.В.Епифанцев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №54

Бишкек шаардык кеңештин
2013-жылдын 19-ноябрындагы
N 54 токтомуна
тиркеме

"Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жөнүндө"
ЖОБО

I. Жалпы жобо

1. "Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү" мекемеси, мындан ары "бөлүм", Бишкек шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 28-ноябрындагы N 741 "Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн.

2. Бөлүмдүн уюштуруучусу болуп Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166.

3. Бөлүм - уюштуруу-укуктук формадагы мекеме болуп эсептелет жана бул статуска мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап ээ болот, өз алдынча баланска, эсептик жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө, тийиштүү мөөрлөргө, штамптарга, өздүк эсептерге, фирмалык бланктарга ээ.

4. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимдерин, Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.

5. Бөлүм өз ишин мамлекеттик бийлик уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары, ошондой эле башка мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар, жарандар менен биргеликте жүргүзөт.

6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча, бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялардын, программалар жана пландардын, муниципалдык кызмат көрсөтүү суроо-талаптарынын жана эмгек жамаатынын социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу муктаждыгынын негизинде өз ишин пландаштырат, мекеменин мындан аркы өнүгүүсүн аныктайт.

7. Бөлүмдүн юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 17.

8. Бөлүмдү түзүүгө жана анын ишине тийиштүү ушул жободо чагылдырылбай калган бардык маселелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актыларына ылайык жөнгө салынат.

9. Мекеменин расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү";

- расмий тилде: "Отдел развития государственного языка при мэрии города Бишкек".

II. Бөлүмдүн максаттары жана милдеттери

10. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын калыптандырууну жүзөгө ашырат.

11. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иши жөнүндө" Мыйзамынажана башка мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган укуктук ченемдик актыларга ылайык бөлүмгө жүктөлгөн негизги милдеттер төмөнкүлөр:

1) мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишинде бардык тараптан жана толук колдонулушун камсыз кылуу;

2) мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо болуп эсептелет.

III. Бөлүмдүн негизги иш-милдеттери

12. Бөлүм көрсөтүлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) бөлүмдүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимдерин, Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун жана буйруктарын, башка укуктук ченемдик актыларды. Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун, буйруктарын Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан өз убагында аткарылышын контролго алуу;

2) Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн практикалык сабактарды, мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды уюштуруу жана өткөрүү;

3) Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө тексттерди мамлекеттик тилге которууда кеңеш берүү жардамдарын көрсөтүү;

5) Бишкек шаарынын аймагындагы жарнамалардын, көрнөктөрдүн, жарыялардын жана башка көрсөтмө маалыматтардын тексттерин мамлекеттик тилге которууда көмөк көрсөтүү;

6) Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө усулдук көмөк көрсөтүү;

7) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынишке ашыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иштерине анализ жүргүзүү;

8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча шаардык иш-чараларды, сынактарды уюштуруу жана өткөрүү.

IV. Бөлүмдүн укуктары

13. Бөлүм төмөнкү укуктарга ээ:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бөлүмдүн милдеттерин жана функцияларын аткарууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашырууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бөлүмдүн ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;

3) бөлүмдүн ишинин укуктук ченемдик базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

4) Бишкек шаарынын административдик жана чарба жүргүзүүчү субьектилеринен бөлүмдүн иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун иштерине катышууга;

6) мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;

7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын ишине катышууга;

8) жалпы маалымат каражаттарына бөлүмдүн иштери боюнча тийиштүү маалыматтарды жайгаштырууга.

V. Бөлүмдү материалдык-финансылык жактан камсыздоо

14. Бөлүмгө мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитилет.

15. Бөлүм Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органынын атынан менчик ээсинин макулдашуусу менен гана ага бекитилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескей алат.

16. Бөлүмдү күтүүгө чыгымдарды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.

1) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасысына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын;

2) юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелердин.

VI. Бөлүмдүн ишин уюштуруу

17. Бишкек шаарынын мэриясы бөлүмдү башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

18. Бишкек шаарынын мэриясынын өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) бөлүм жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизүү;

2) бөлүмдүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;

3) бөлүмдү кайра уюштуруу же жоюу;

4) функциялардын аткарылышын жана ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо;

5) Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынаылайык бөлүмдүн башчысын дайындоону жана бошотууну жүзөгө ашыруу;

6) бөлүмдүн ишин контролдоо.

19. Бөлүмдүн ишине жетекчиликти бөлүм башчы жүргүзөт.

20. Бөлүм башчы:

1) бөлүмдү жетектейт, анын күнүмдүк иштерин уюштурат жана Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен ушул жобого ылайык аны жетектейт;

2) бөлүмдүн каржы каражаттарын тескейт, ишеним кат берет;

3) бөлүмдүн ишине тийиштүү жана ушул жобого каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет;

4) бөлүмдүн ишин камсыз кылуучу документтерге кол коюу укугуна ээ, өзүнүн буйругу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн же бардыгын буйруктун же ишеним каттын негизинде бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерине өткөрүп бере алат;

5) бөлүмдүн атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, аны бардык уюмдар, юридикалык жана жеке жактарга таанытат;

6) тийиштүү бюджеттик финансы каражаттарын жана башка ресурстарды сурайт жана алат, аларды ушул жобону, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун, буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууга багытталган, бекитилген программаларды, долбоорлорду, пландарды жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн керектөөсүнүн натыйжасында аларды тескей алат;

7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына жана бекитилген штаттык расписаниеге ылайык бош административдик муниципалдык кызматка орун ээлөө сынагынын жыйынтыгы боюнча бөлүмдүн кызматчылары менен ишке кабыл алуу жөнүндө эмгек келишим түзөт жана эмгек келишимди буза алат;

8) бөлүмдүн бардык кызматчылары тарабынан милдеттүү аткаруу үчүн буйруктарды чыгарат, кызмат милдеттерин бекитет;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык бөлүмдүн кызматчыларына сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык бөлүмдүн иш тартибин белгилейт;

11) бөлүмдүн бардык штаттагы кызматчыларына милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, чарбалык жана башка келишимдерди, макулдашууларды түзөт;

12) бөлүмдүн атынан бардык укук мамилелерине катышат, келишимдерди контракттарды жана макулдашууларды түзөт, аларды бөлүмдүн мөөрү менен тастыктайт;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун алкагында, бөлүмдүн ишин жана ага жүктөлгөн милдеттерди камсыз кылуу үчүн зарыл болгон милдеттерди, аракеттерди аткарат.

VII. Бөлүмдүн эсеби жана отчеттуулугу

21. Бөлүм өзүнүн ишине анализди жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчет жүргүзөт жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

22. Бөлүмдүн финансылык иши үчүн контролду Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан ишке ашырылат.

23. Бөлүмдүн башчысы жана бухгалтери эсептин жана отчеттуулукту жүргүзүү тартибинин сакталышына, алардын аныктыгына жеке жоопкерчилик тартат.

VIII. Эмгек мамилелери

24. Бөлүм кызматкерлердин квалификациялык курамын аныктайт. Бөлүмдүн администрациясы менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамымын ченемдери менен жөнгө салынат.

25. Бөлүмдүн кызматкерлеринин иши жана эс алуу режими, алардын социалдык камсыздалышы, социалдык камсыздандыруусу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын чегинде жөнгө салынат.

IX. Бөлүмдү кайра уюштуруу жана жоюу

26. Бөлүмдү кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.

27. Бөлүмдүн ишин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

28. Юридикалык жактардын мамлекеттик тизмесине тийиштүү жазууну киргизген учурдан тартып жоюу аяктады деп эсептелет.

29. Бөлүмдүн иш процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, архивдик иш маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

Э.Нурдавлетов