Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын 

ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда

токтотуу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан депутат -  К. А. Токтосартовдон жана “КСДП” фракциясынан депутат - Ы. Ш. Мааткабыловдон келип түшкөн арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан депутат -  К. А. Токтосартовдун жана “КСДП” фракциясынан депутат - Ы. Ш. Мааткабыловдун   арыздары канааттандырылсын.
  2. Бишкек шаардык кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан депутат -  К. А. Токтосартовдун жана “КСДП” фракциясынан депутат - Ы. Ш. Мааткабыловдун ыйгарым укуктары токтотулсун.
  3. Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына кийинки талапкерлерди аныктоо жөнүндө Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына  кайрылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

19-ноябрь 2013-жыл, №44