1980-жылдын 1-июнунда туулган.
Билими: жогорку
2011 – 2013-жж. КР ТИМине караштуу Дипакадемиясы, “Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча окуган;
2009-ж. – юридикалык илимдердин кандидаты илимий даражасын алууга кандидаттык диссертациясын коргогон;
2002-ж. – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Юриспруденция” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган;
1997 – 2000-жж. – БААУда “Юриспруденция” адистиги боюнча окуган;
1997-ж. - №28 орто мектепти аяктаган;
1996 – 1997-жж. – АКШда окуудан өткөн.
Эмгек жолу:
2021-ж. – Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышынын депутаты болуп шайланган, 2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган;
2016 – 2021-жж. - Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2012 – 2016-жж. - Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2011 – 2012-жж. - "Кыргызтелеком" ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөсү;
2011-жылы Абу-Даби шаарында (БАЭ) Обаид Ал-Анзи шейхинин Дзюдо Азиялык Союзунун президентинин отчеттук-шайлоо конгрессинде Дзюдо күрөшү боюнча Борбордук-Азиялык Зонанын директору жана Дзюдо Азиялык Союзунун комиссиясынын туруктуу мүчөсү;
2010-жылы – КР Улуттук Олимпиадалык комитетинин биринчи Вице-президенти болуп шайланган;
2009-2010-жж. –КР Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
2009-ж. (янв.-дек.) - "Ливерпуль" ЖЧКсынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
2008-жылдан азыркы убакытка чейин - "Дзигоро Кано" дзюдо күрөшү боюнча балдар-уландар кесиптик спорт клубунун президенти;
2007-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын дзюдо Улуттук федерациясынын башкы катчысы;
2006 – 2008-жж. - "Ала-Тоо Трэвэл" ЖЧКсынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
2005 – 2006-жж. – Ысык-Ата районунун прокуратурасынын тергөөчүсү;
2004 – 2005-жж. - "РАМ Инжиниринг" ЖЧКсынын юристи.
Наамы жана класстык чини: 3 класстагы юрист
Илимий даражасы: Юридикалык илимдин кандидаты
Чет тилдерди билүүсү:
- кыргыз тили - эркин (оозеки, жазуу);
- орус тили - эркин (оозеки, жазуу);
- англис тили - эркин (оозеки, жазуу);
Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.