Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине талапкерлерди тандоо үчүн конкурс жарыялайт

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;

2) 18 ден жаш эмес болушу керек;

3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдар тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

 

Кадрлар резервинин административдик кызмат орундарынын башкы тобуна кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

- жогорку юридикалык билим;

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;  
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  5.  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  7. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  8. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  9. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.

 

 

Тийиштүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин билүү;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

 

 

Тандоого катышуу үчүн папкага (дело) тиркелген төмөнкү документтер кабыл алынат:

  • муниципалдык кызмат орундун тобун көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • сүрөт менен кадр учету боюнча өздүк барак;
  • таржымал (телефон жана электрондук дарек менен);
  • өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен);
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.

Документтер 2023-жылдын 17-ноябрынан тартып 27-ноябрын кошуп алганга чейин (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин  (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңешинде №214 кабинетинде  кабыл алынат. Телефону 62-26-27.