Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков мектептин директору Светлана Тенизбаеванын жана ата-энелер коомчулугунун окуучулардын жол коопсуздугу кайрылуусу боюнча SOS Герман Гмайнер мектебине   барды.

SOS Герман Гмайнер мектеби А. Токтоналиев жана Микаэль Гшлиессер көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.  А. Токтоналиев көчөсүнүн жол катмарынын ремонттолуп жаткандыгына байланыштуу, Микаэль Гшлиессер көчөсүндө, тактап айтканда, чоң автомашиналардын жол кыймылы күчөгөн.  Микаэль Гшлиессер көчөсүнүн жээгинде тротуар жок болгондуктан, жөө адамдар, мектеп окуучулары үчүн  коркунучтуу.

Мэриянын, ББАнын, райондук администрациянын, МАИнин өкүлдөрү менен жагдайды жерине барып талдап чыгып, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков кыска мөөнөттө мектептин жанындагы Микаэль Гшлиессер көчөсүнө ылдамдыкты чектөө (жол дөңгүл) жана окуу убагында чоң машиналардын кыймылын чектөөчү жол белги орнотууну тапшырды. Жол-транспорт кырсыгын болбурбоо үчүн чоң машиналар саат 19.00 дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин жүрсө болот.