Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери – Таалайбек Сариев жана шаардык кеңештин депутаттары –Бактыбек Абдиев, Русланбек Жакышов борборубуздун   бир топ билим берүү мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип кыдырышты.

Азыркы убакта Биринчи май районунун №27 Орто мектебинин капиталдык ремонту аяктап жатат. Ашканада жаңы инженердик тармактар, , желдетүүчү тутум жана жылытуу тутуму өткөрүлүп,  эшик-терезелер жана канализациялык тутумдар алмаштырылды. Капиталдык ремонтко шаардык бюджеттен 5,5 млн. сом бөлүнгөн.

Шаардык кеңештин депутаттары №75 мектеп-лицейге барышты. Мектеп имараты типтүү эмес, бир кабаттуу. Бул окуу мекемесинде бардыгы 480 бала окуйт. Окуу эки сменада жүргүзүлөт. Бирок, имараттын техникалык абалы начар, дубалдарда жаракалар пайда болгон.

Биринчи май районунун БББсынын начальниги - Алмаз Исмаиловдун сөзү боюнча мектептин жанаша жаткан аймагы -1,8 га жана жаңы окуу имаратын ошол аймакка курууну болжолдоп жатышат. Жаңы заманбап имараттын курулушу жакынкы мектептерди ашыкча жүктөн бошотууга мүмкүндүк түзөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун №91 “Сабелек” кургак учукка каршы балдар бакчасы  1963-жылы эксплуатациялоого киргизилген. Азыркы убакта бала бакчага 63 бала келет. Мектепке чейинки мекемеге киргизүү тубдиспансер аркылуу өтүп, акысыз негизде жүргүзүлөт.

Бала бакчага келүүнүн жүрүшүндө негизги имараттын чатырын жана көмөкчү жайларды капиталдык ремонттоо, ошондой эле бала бакчаны көрктөндүрүү, тактап айтканда  короону асфальттоо керектиги билинди. Жалпысынан бул иштерге 2 млн. 2 миң сом керек.

Ден соолуктун өзгөчө муктаждыктары менен балдар үчүн №№ 30, 34 атайын мектептерге да ремонт талап кылынат. №30 мектептин чатырын ремонттоо, ал эми №34 мектепте жаңы  кирүү эшиктерин алмаштыруу керек.