Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 93 жылдыгын майрамдоого карата борбордун Октябрь районунун ИИБсында кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгондорго мемориалдык такта ачылды.

 Салтанаттуу иш-чарада “КСДП” фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык кеңештин  регламент, укуктук маселелер, укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева, Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов, Октябрь районунун ИИБсынын начальниги Уланбек Султанов, милициянын ардагерлери жана каза болгон кызматкерлердин туугандары катышты.

 Мемориалдык такта Октябрь районунун ИИБсынын короосуна орнотулду. Мемориалдык тактаны ачуу аземи салтанаттуу түрдө өттү, анда кызматтык милдетин аткарууда каза болгон милициянын 9 кызматкеринин аты жазылган.

 “Бизге бул тынчтык жана тынч жашоо кандай баа менен  келгендигин биз так түшүнүүбүз жана билишибиз керек. Биз кызматтык милдетти аткарууда каза болгон,  биз үчүн өмүрүн берген баатырлардын эрдигин унутпашыбыз керек, алар дайыма биздин жүрөгүбүздө сакталат. Аларга башыбызды ийип таазим кылабыз” – деди Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев.

  Мемориалдык тактаны ачуу аземинен кийин дароо эле жапырт атуу жаңырды, иш-чаранын коноктору жаңы эстеликке гүлдөрдү коюшту.

  Митингден кийин  милициянын мыкты кызматкерлерин сыйлоо болуп өттү. Борбордук парламенттин депутаты Ардак грамоталарды тапшыруу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери өткөндөр менен сыймыктанышы жана келечекти жаратуусу керектигин белгиледи.