Бүгүн Кыргызстандын борбор калаасында  Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен  Москва шаардык Думасынын депутаттарынын жолугушуусу болуп өттү
Бишкек-Москва парламент аралык мамилелерди бекемдөөдө
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы шайлоочулары менен жолукту
Шаардык парламенттин депутаттары кезексиз 7-сессияга чогулушту.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Михайловна Лисниченко Азия элдеринин Ассамблеясы жана Россия элдеринин Ассамблеясы менен жолугушууларга катышууда

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Таалайбек Сариев, «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын лидери Улан Абдыкадыров, регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Наталья Кулматова жана  «Республика-Ата Журт» фракциясынан  депутат Темирлан Токобеков катышты.

 

Москва шаардык Думасы тараптан – МШДнын төрагасы  Алексей Шапошников, МШДнын мыйзам чыгаруу, регламент, эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Татьяна Ломакина, МШДнын илим жана өнөр жай боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Александр Сметанов.

БШКнын депутаттары москвалык кесиптештерин борбор калаа парламентинин ишмердиги жана структурасы менен тааныштырышты. БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев кыргыз-орус мамилелери бир нече кылымды түзөөрүн белгилеп өттү.

“Биздин жалпы тарыхыбыздын тамыры терең. Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толуптур. Бул жылдар ичинде мамлекеттерибиз эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү жана көп кырдуу негиздеги  алакалар үчүн таасирдүү кызматташтык базасын түзө алышты. Шаардык кеңштин депутаттары борбор калаанын мэриясы менен тыгыз байланышта иштегендиги шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк болот. Бүгүн биз эки жакка кызыгуу жараткан бардык маселелер боюнча шаарларыбыз аралык диалогду улантабыз деп ишенем.  Кызматташтыгыбызды мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын эки жак тең түшүнүүдө. Андыктан, сиздердин иш-сапарыңыздар жемиштүү болооруна шегим жок”,-деди Канатбек Музуралиев.

Москва шаардык Думасынын төрагасы  Алексей Шапошников өз кезегинде эки улуу шаардын өз ара мамилеси жаңы деңгээлде иштей баштаганын белгилеп өттү. “Бизде алмашуу багытында көп нерселер бар. Жаңы технологиялар өнүгүп жатат, анын ичинде Smart city бар. Биз чын пейлибизден тажрыйбабыз менен бөлүшүп, башкалар аны кайталабас үчүн кетирген каталарыбыз жөнүндө айтып берүүгө даярбыз”- деди  Алексей Шапошников.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жакында Москвада “Урбан-Форумда” болуп, Кыргызстан жана Россия борборлорунун ортосунда кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлгандыгын айтты.

 “Биз өзүбүздө аларга жол бербей коё ала турган каталар бар”-деп белгиледи Албек Ибраимов.

 

Бул Москва шаардык Думасынын жооп иретиндеги келүүсү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Москвада расмий иш-сапарда болуп келген. Москвалыктардын сапарынын программасы беш күнгө эсептелген.

Бүгүн, 2017-жылдын 16-августунда Бишкекке төрага Алексей Шапошников баштаган Москва шаардык Думасынын депутаттарынын расмий делегациясы келди.

Делегациянын курамында МШДнын мыйзам чыгаруу, регламент, эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Татьяна Ломакина, МШДнын илим жана өнөр жай боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Александр Сметанов бар.

Бул Москва шаардык Думасынын жооп иретиндеги келүүсү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Москвада расмий иш-сапарда болуп келген.

Москва шаардык Думасынын делегаттарынын сапарынын программасы беш күнгө эсептелген.

Иш-сапардын жүрүшүндө бир катар расмий жолугушуулар өтмөкчү.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев борбор калаанын Биринчи май районунун 9-январь көчөсүндө жашаган тургундар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кустанай көчөсүнүн капиталдык ремонту бүткүчө 9-январь көчөсүндө канализациялык тармакты өткөрүү, жакын жайгашкан көчөлөрдү газ менен камсыздоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, Кустанай көчөсүнүн капиталдык ремонту бүткүчө мыйзамсыз жеке курулуштарды алып салуу өңдүү катар маселелер айтылды.

Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер боюнча Бишкек шаардык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бүгүн, 10-августта кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө маселе  каралган Бишкек шаардык кеңештин кезексиз VII сессиясы  болду.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусунун негизинде, шаардык кеңеш тарабынан 2017-жылдын 3-августунда кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлердин тизмесин түзүү үчүн документтерди кабыл ала турган жумушчу комиссия түзүлгөн. Кошумча шайлоо комиссияларды уюштуруу Бишкек шаарынын аймагында так жашаган жери боюнча каттоосу болбогон, ошондой эле катталган жери боюнча шайлоо күнү добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жарандарга  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосун өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыздоо үчүн жасалган.

Жумушчу комиссиянын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардан, саясий партиялардан, коомдук бирикмелерден кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 80 протокол кабыл алынган.

Район

Участоктордун саны

Протоколдор кабыл алынды

Ленин

1

17

Биринчи май

4

51

Свердлов

1

12

Бардыгы:

6

80

2017-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында Россия элдеринин Ассамблеясы менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Кол коюу аземине  Россия элдеринин Ассамблеясынын жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегация мүчөлөрү катышты.

Эки тараптуу жолугушууга ардактуу конок катары Евразия элдеринин Ассамблеясынын генералдык катчысы Андрей Бельянинов чакырылган.

Макулдашуу тараптарга тажрайба алмашууга жана маданий-гуманитардык жол менен эки таратпуу кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Аталган документ мөөнөтсүз жана макулдашуу боюнча ага толуктоолорду киргизүүгө болот.

Эртен, 10-августта Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын VII сессия болот.

Бишкек шаардык кеңештин сессияна кошумча шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү маселеси алынып чыгат.

Сессия өз ишин саат 9.00 дө баштамакчы.

Жыл сайын жайкы каникул учурунда мектеп окуучуларын Ала-Арча жаратылыш багына алып баруу уюуштурулат. Бишкек шаардык кеңештин КСДП фракциясынын депутаттарынын демилгеси менен Ленин районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 1000 бала Бишкектен алыс эмес жайгашкан жаратылыш багына бармакчы.    

Борбордун депутаттары Валентина Лисниченко, Эрнис Докенов жана Алмаз Уланов бир катар жылдар бою социалдык оор абалдагы үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар үчүн жайкы эс алуу убактысын уюштуруп келишет.

Эс алып жаткан балдар үчүн эртең мененки жана түшкү даамдуу тамак каралган. Андан тышкары аларды спорттук инструкторлор жана ар түрдүү ийримдердин жетекчилери коштойт. Жаратылышта балдар чыгармачылык менен алектенишет, ар кандай спорттук оюндар жана конкурстар уюштурулат.

Депутат Валентина Лисниченконун ою боюнча “табийгат менен байланыш балдардын психологиялык өсүшүнө таасир этип, чыгармачыл эгүүсүнө түрткү болуп, интеллектин өстүрөт. Жаратылыш – бул балдардын акыл жана эс-тутумдун өсүүсүнө ресурс алчу булак болуп эсептелет”.

Мындан тышкары уюштуруучулар жаратылышка аяр мамилени балдарга кичине кезинен эле тарбиялаш керек деп эсептешет. Таза абадагы оюндар өзүнө айлана-чөйрөнү коргоо элементтерин камтыйт.

Ала-Арча жаратылыш багына чыгуу толук 6 күнгө болжонгон. Жаратылыш багындагы эс алуу баланын конкурстарга катышып, өзүнүн көмүскөдөгү талантын жана жөндөмүн ачууга шарт түзөт

         Борбордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы,  жогорку кесипкөйлүгү үчүн “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри - Эрнис Зарлыков жана Биринчи май району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы - Аскербек Алиев сыйланышты.

         Ошондой эле, “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен К. Молобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын доценти -Токтобек Асаналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын ТЖКЧ башкармалыгынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси-Нурбүбү Абдрахманова жана Бишкек шаары боюнча ӨКМнын куткаруу кызматынын начальниги, подполковник -Адилбек Чаргынов сыйланышты.

         Сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев, төраганын орун басары- Валентина Лисниченко жана Бишкек шаарынын мэри - Албек Ибраимов тапшырышты.

 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин кезексиз VI сессиясында “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Русланбек Жакышовго депутаттык мандат тапшырылды.

         Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмаз Шананов Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине ылайык, өз арызынын негизинде “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бүгүн, 25-июлда кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө маселе  каралган Бишкек шаардык кеңештин кезексиз VI сессиясы  болду.

Кенен маалымат...