Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«__»_______2025-жыл

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак

үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча

кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө карата тариф (анын ичинде эксплуатациялоону уюштуруу, утурумдук оңдоо, авариялык тейлөө, диспетчердик контролдоо) үчүнчү жана андан жогорку кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсепке албаганда) айына 8,31 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифт жабдууларын талаптагыдай техникалык тейлөөнү камсыздасын;

- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин реестринде турган, эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн иштеп бүткөн лифттерди, лифт жабдууларын андан ары белгиленген тартипте көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү менен этап боюнча модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирип оңдоону жүзөгө ашырсын;

- Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыккан башка тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндө лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)

Финансылык корутунду (jpeg.301kb)

Юридикалык корутунду (jpeg .279kb)

Тиркеме (pdf. 905kb)