Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 26-августунда саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги:
- талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралуу милдеттенме;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү тууралуу типтүү формасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери (үйүнүн, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү тууралуу типтүү формасы тиркелет.
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65

 

Тиркеме 1 (docx. 28kb)

Тиркеме 2 (docx. 29kb)

Тиркеме 3 (docx. 17kb)