Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, анын орун басары Русланбек Жакышов, депутаттар Адиса Иманганзиева жана Эрмек Усубалиев чектелген контингентти Афганистандан чыгарып кетүүсүнүн 30 жылдык датасы менен афган-ардагерлерди куттукташты.
13-февралда Жаныбек Абиров СССР батыры Даир Асановдун атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейинде курсанттардын катышуусу менен уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ошондой эле бул иш-чарада ардагерлер, курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү жана туугандары, Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева жана Ленин административдик районунун башчысы Нурдин Тынаев катышты.
Русланбек Жакышов афган-ардагерлерин Октябрь административдик районунун жыйын залында өтүлгөн иш-чарада куттуктады. Иш-чарада ардагерлер, курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү жана туугандары жана Октябрь административдик райондун башчысы Ренат Айтымбетов катышты.
14-февралда Свердлов жана Биринчи май райондорунда болуп өткөн салтанаттуу иш-чараларда афган-ардагерлерин БШКнын депутаттары Адиса Имангазиева жана Эрмек Усубалиев куттукташты.
Советтик армияны Афганистандан чыгарып кетүүсүнүн 30 жылдык датасынын урматына бир нече иш-чаралар борборубуздун бардык райондорунда муниципалитет тарабынан өткөрүлдү. Уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоо бөлүгү 15-февралда Ататюрк атындагы сейилбакта өтүүчү митинг-реквием саналат.
Ɵз элинин татыктуу уулдарын тарбиялагандыгы үчүн Курман болгон аскерлердин ата-энелерине Бишкек шаардык кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды. Ал эми, активдүү жарандык позициясы үчүн жана жогорку деңгээлдеги патриоттуулук менен жаш муунду тарбиялоодо Мекенге болгон сүйүүнү бекемдетүүсү үчүн афган-ардагерлери Ардак грамоталары менен сыйланышты.