Ошондуктан коомдук бюджеттик угууларды Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын ишине чейин өткөрүү чечилген. Шаар тургундарынын ой-пикирлерин, сунуштарын, көйгөйлөрүн угуу керек.
Ошентип, кече, 30-январда коомдук угуулар Ленин жана Биринчи май райондорунун тургундары менен өткөн.
Бүгүн, 31-январда Октябрь жана Свердлов райондорунун тургундарынын сунуш, пикирлери угулду.
Мындай жол БШКнын сессиясына чейин жергиликтүү бюджеттин долбооруна толуктоолорду киргизип, шаардыктар үчүн биринчи кезекте турган маанилүү маселелерге басым жасоого мүмкүнчүлүк берет.