Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

«Бүгүн бардыгыбыз чогулганыбызга жакшы себеп бар. Бүгүн 12-кичирайон боюнча 3 балдар аянтчасы салынып бүттү. Мен ойлогон ой-максатым ишке ашып, бардыгбыз бирге буга күбө болуп турабыз.

Менин 2019-жылга койгон планымда «Коопсуздук район» долбоорун ишке ашыруу жана дагы үч балдар аянтчасын орнотуу. Анткени, эң негизгиси – бул биздин жарандардын жана балдардын коопсуздугу.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты катары Бишкек шаарыбыздын, анын ичинде 12-кичирайондун өсүп-өнүгүшүнө болгон салымымды кошом», — деп өз сөзүндө Чыңгыз Жумалиев айтты.
Мааракеде, Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов, №7 МАБдын башчысы Чыңгыз Турсалиев жана кичирайондун тургундары катышты.