Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                            2026-жылдын «___» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын

улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын

бекитүү жөнүндө

 

Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жыл сайын сентябрь айынын акыркы жума күнү өткөрүлө (белгилене) тургандыгы;

- зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен иш-чаралардын бекитилген Планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу экендиги.

3. Бишкек шаарынын мэриясы План менен каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                     Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.25kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.21kb)

Финансылык корутунду (pdf.424kb)

Юридикалык корутунду (pdf 378kb)

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2026-жылдын «__» _______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун

 ишке ашыруу боюнча отчёт жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча отчёт эске алынсын.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.98kb)

Тиркеме 2 (docx.58kb)

Отчет (docx. 29kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)

Финансылык корутунду (pdf.488kb)

Юридикалык корутунду (pdf.511kb)

Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

  2026-жылдын «__»________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 Бишкек шаардык кеңешинин

2025-жылдын 27-мартындагы № 18

«Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик

менчик объекттерин муниципалдык

менчикке кабыл алууга макулдук берүү

 жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын

 Бишкек шаарынын мэриясына

өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы  №.18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

2-пункта «бир жылдын ичинде» деген сөздөр «эки жылдын ичинде» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине жана муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген мэрдин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                    Б. Б. Усеналиев

 

Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)

Салыштырма таблица (docx.24kb)

Финансылык корутунду (jpg.272kb)

Юридикалык корутунду (jpg.296kb)

        Долбоор

        Бишкек шаарынын   мэриясы

        2026-жылдын «____» ______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жылдын  башталышына карата каражаттардын калдыгын эске алуу менен кирешелер боюнча 34 363 030,2 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 30 764 518,3 миң сом суммасында,
2026-жылдын башталышына карата каражаттардын калдыгы
менен 3 598 511,8 миң сом суммасында бекитилсин.

2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалар теңдемеси (pdf. 3mb)

Негиздеме-маалымкат (docx.30kb)

Түшүндүрмө кат (pdf. 689kb)

Финансылык корутунду (pdf.653kb)

Юридикалык корутунду (pdf .583kb)

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «___» _________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын мэринин Бишкек шаарынын мэриясынын

2024-жылдагы иш-аракеттери жөнүндө отчету тууралуу

 

Бишкек шаарынын мэри А.Дж. Джунушалиевдин Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдагы иш-аракеттери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

Бишкек шаарынын мэри А.Дж. Джунушалиевдин Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдагы иш-аракеттери жөнүндө отчету эске алынсын.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.74kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.29kb)

Юридикалык корутунду (docx.21kb)

 

Долбоор

  Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «___» _______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

«Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө

 

Жарандардын эс алуу укугун коргоо, оюн-зоок жайларынан жана курулуш иштеринен келип чыккан түнкү ызы-чууну азайтуу максатында, «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасын Мыйзамын, Кыргыз Республикасын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдө, мейманканаларда, отелдерде, жатаканаларда жана турак үйлөргө тийиштүү аймактарда,  жеке турак үйлөрдү куруу зоналарында,  билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактарында жана жайларында төмөнкүдөй учурларда жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана  ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбей тургандыгы белгиленсин:

- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөр, күркөөлөр, павильондор, лотоктор), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, тойканалар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдаланууда;

-музыкалык аспаптарда ойноодо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоодо;

- күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратууда;

- пиротехникалык каражаттарды пайдаланууда;

- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүүдө.

2. Ушул токтом «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттерине жайылтылбайт:

- укук бузуулардын алдын алууга жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;

- долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;

- тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;

- массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы  № 48 «Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскертүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

- «Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды музыкалык коштоодо «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык саат 22:00дөн кийин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө сунушталат.».

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                               Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.365kb)

Салыштырма таблица (docx.16kb)

Финансылык корутунду (pdf.442kb)

Юридикалык корутунду (pdf .5mb)

Бишкек шаардык кеңешинин

"Жаңы күч-Новая сила"

фракциясы тарабынан

иштелип чыккан долбоор

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137

"Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137    " Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу" токтомунун           1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

8-пункттагы "жана жер участогун алмаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "же маалымкат берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкү маазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын:

«9.1. Маалымкат берүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырат:

ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүнүн негизинде 3 жумуш күн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуш максаттарын, шаар куруу документтерине шайкештигин аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча жер участкасын пайдаланууга уруксат берилген бардык түрлөрү жана жер участкасынын функционалдык максаты көрсөтүлгөн маалымкат берет;

жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана жер участогунун функциялык багытын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ушул жобого ылайык комиссия аркылуу бул маселени андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга жооп жиберет;

 

төмөнкү мазмундагы 31.1-пункт менен толукталсын:

«31.1. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын негизинде ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте жер участогун пайдаланууга уруксат берилген жана жер участогунун функционалдык максатынын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн эң жогорку ставкалары боюнча ижара төлөмдөрүн эсептөөнү жүргүзөт жана арыз берүүчү менен 3 жумуш күн ичинде мурдагы шарттарда кошумча келишим түзөт.

Эгерде жаңы эсептөө учурунда ижара төлөмдөрү келишимдин мурдагы шарттарына караганда жогору болсо, анда ижара төлөмдөрүн эсептөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңы эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт жана кошумча келишимде көрсөтүлөт.".

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2025-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө тиешелүү мекемелер менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарды эске алуу менен Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча жаңы эрежелерин иштеп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу  жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын мэрине (А. Д. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Б. Усеналиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин

"Жаңы күч – Новая сила"

фракциясынын лидери                                                      К. Конгантиев

 

Маалымкат негиздеме (docx.14kb)
Салыштырма таблица (docx.15kb)