Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаева “Эки тараптуу орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө элдик дипломатиянын ролу” аттуу эл аралык тегерек столдун ишине катышты.

Депутат өз сөзүндө бул талкуунун темасы актуалдуу жана заманбап глобалдык чакырыктардын контекстинде приоритеттүү экенин белгиледи. Светлана Кенжебаева бул жолугушуу көптөгөн пайдалуу нерселерди алып келип, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жардам бере турган жаңы идеяларды жана долбоорлорду алып келээрине ишенимин билдирди.

Жолугушуу «Элдик дипломатиянын лидери» эл аралык долбоорунун алкагында өттү. Талкуу аянтчасында тегерек столду өткөрүүнүн актуалдуулугу коомдук дипломатия өзүн дүйнөлүк саясаттын динамикалык чөйрөсү катары барган сайын бекемдеп, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылууда олуттуу роль ойноп жаткандыгы менен шартталганы белгиленди.

Күн тартибине маданий-гуманитардык, илимий-билим берүү жана ишкердик кызматташуунун заманбап механизмдери аркылуу элдик дипломатияны жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү маселелери коюлду.

Төрага Куванычбек Конгантиев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Корея Республикасынын Пусан шаарынын шаардык чогулушунун төрагасы Ахн Сонгмин мырза жана Пусан шаарынын шаардык чогулушунун депутаты Пак Хи Йонг менен жана Пусандан келген Евразиялык экспедициянын мүчөлөрү менен жолугушту.

Кенен маалымат...

Камчыбек Узакбаев Москва Шаардык Думасынын кесиптеш-депутаттары менен жолугушту

Кенен маалымат...