Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Урматтуу жарандар!

Бишкек шаарынын коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Бишкек шаарынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча маалымат берет:

  • Аскаров  Алик Бакеевич - “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору”;
  • Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Досиев Эдик Шарипович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Чепеев Калыбек  Чепеевич – Бишкек шаардык кеңешинин  XXV, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Абдиев  Бактыбек Кемелович - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер”, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
  • Досалиев Эльмир Акуналыевич- Бишкек шаардык кеңешинини XXVII, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Маматалиев Абдырахман  Мадакимович - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси”;
  • Исаков  Марат  Абдымажимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
  • Рыскулов  Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин  XXIV чакырылышынын депутаты, “Бажы кызматынын чыгааны”; ;
  • Давлянов  Дамирбек  Тайырбекович – милициянын полковниги,”Мыкты кызматкер”,  укук коргоо органынын пенсионери;
  • Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын Эл акыны;
  • Сырдыбаев  Улан  Муратбаевич -  «Нурсан» ЖЧКнын башкы директору.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына талапкерлер боюнча өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаары, Чүй пр., 166 дарек боюнча жөнөтүңүз.

Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 3 сессиясы болду, анда күн тартибине ылайык маселелер каралды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери, Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
           Сиздердин кесип абдан берилгендикти, жоопкерчиликти, турмуштун ар кандай жаатындагы билимди, тажрыйбаны, чыдамкайлыкты жана акылмандыкты талап кылат.
           Жеринде иштөө менен күнүгө күжүрмөндүк менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, Сиздер мамлекеттүүлүктүн бекемделүүсүнө жана шаардыктардын жашоосунун жакшыруусуна кызмат өтөп жатасыздар.
           Биргелешкен талыкпаган эмгек менен күчтүү экономикасы өнүккөн борборду курууда алгылыктуу салымыбызды кошоорубузга ишенем.
           Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
           Сиздерге чын ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Урматтуу мугалимдер!

Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атыман бүгүн сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Мугалим жана билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Подробнее...