Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басарлары жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары катышты. Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралып, түзүлдү.

 

Урматтуу борбор калаабыздын тургундары, мекендештер!

  Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. Нооруз майрамы - токчулуктун, ырыскынын, жаңылануунун майрамы! Байыртадан бул күн жаңы көктөмдүн башталышын жар салган өзгөчө күн катары белгиленип келген. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, күн түн менен теңелип, табият ойгонот.

Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими болсун.

Шаарыбыздын өнүгүшү, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу - биздин башкы максатыбыз. Биргелешкен аракет, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк аркылуу борбор калаабызды мындан да көрктүү, ыңгайлуу жана коопсуз шаарга айландыра алабыз деп ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!

Урматтоо менен,

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев.

Урматтуу апалар, эже, карындаштар, ардактуу айымдар!

  Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди  эл аралык айымдар күнү - 8-март  майрамыңыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм.  

Адамга өмүр тартуулаган ааламдын эң асылы – Аялзатты даңазалаган  бул майрам, жаз айынын башталышында белгиленип, мээримдүүлүктүн, сулуулуктун символу катары сезилет. Сиздер бар үчүн үйүбүз берекеге толуп, бактылуу жашоо кечирип келебиз. Сабырдуулук, акылмандык, мээримдүүлүк  менен бизди жакшыга  шыктандырып турасыздар. Кайгы тартып, кыйынчылыкка туш болсок - кайрат айтып,  кубансак - акыл айтып, адашсак - жол көрсөтүп, бизди жамандыктан сактаган, жакшылыкка багыттаган акылмандыгыңар, айкөлдүгүңөр баа жеткис.

   Сиздер үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо, коомдук иште да оор жүктү көтөрүп, жоопкерчиликтүү кызматкерлер, мыкты профессионалдар катары Бишкек шаарынын, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салымыңыздарды кошуп келатасыздар.  Сиздерге терең таазим! 

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Орозоңуздар кабыл болсун жана бардык жакшы тилектер орундалсын!

Ыйык Орозо айында жасалган бардык жакшы иштер улантылсын! Элибиздин биримдиги бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун. Ар бирибиз жакшы иштерди жасап, коомубуздун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.

Бул куттуу күн ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана жылуулук алып келсин. Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ырыскы-насип жана үй-бүлөлүк бакыт берсин. Үйлөрүңүздөрдө дайыма кубаныч, ынтымак жана береке орносун.

 

Айтыңыздар маарек болсун!

 

Урматтоо менен,

Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиев.

Бюджеттик угуулар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилеринин жана шаардык жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар коомчулукту маалымдоо жана бюджет долбоорун кароо, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлөт. Жалпы шаардык бюджеттик угуу төмөнкү даректе өтөт: Чүй проспектиси 168а дарегинде жайгашкан «Тунгуч» театрынын имаратында (мурунку Жаштар драмалык театры).