Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы болуп өттү
2025-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезексиз X сессиясы болуп өттү. Сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев төрагалык кылды. Күн тартибине ылайык, депутаттар үч маселени карашты.
1. “Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
2. “Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 "Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
3. “Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 "Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
Бардык маселелер кабыл алынып, сессия өз ишин жыйынтыктады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети


