Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 26-сентябрынан 3-октябры саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.

 

         Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу;

- макулдук формасы.

         Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

         Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз,  жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтардын типтүү формасы.

         Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65

 

Тиркеме (docx.27kb)

Тиркеме 2 (docx.28kb)

Тиркеме 3 (docx.16kb)