Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 7-октябрына саат 09-00 го, Чуй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залына белгиледи.
Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү.

Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Эльмир Досалиев, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана мэрдин орун басарлары катышышты.

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.