2025-жылдын 1-июлунда Бишкек шаардык кеңешинде Сеул шаардык кеңешинин Айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча комитетинин расмий делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Делегацияны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев баштаган депутаттар, фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын өкүлдөрү тосуп алышты. Жолугушуу учурунда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу жана глобалдык табигый көйгөйлөр боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Ошондой эле делегация Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте Кыргыз Республикасы менен Түштүк Корея Республикасынын Достук паркынын аймагына барып, достуктун символу катары бак отургузушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдиришип, муниципалитеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүштү. Бишкек шаарына келген конокторго ыраазычылык айтылып, достук байланыштар мындан ары да чыңдаларын айтып өтүштү.


