Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.

Муниципалитет тарабынан уюштурулган “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров да Бишкек шаарынын тургундарын элдик майрам менен куттукташты.

Куванычбек Конгантиев куттуктоо сөзүндө “Эгемендүүлүк күнү ар бир кыргыз жараны үчүн улуттук биримдиктин, ынтымактын жана өлкөбүздүн азыркы учуру жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин күнү.

Биздин алдыбызда чоң милдеттер жана максаттар бар. Кийинки жылдары биз шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти активдүү жүргүзүп, экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашыруубуз керек. Ошону менен бирге, жарандык коомдун жардамына жана көмөк көрсөтүүсүнө таянып, шаардын экономикасынын өсүшүнө жетишүүбүз керек. Биздин башкы максат – тынчтык жана ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык жана токчулук.

Ушул маанилүү күнү, сиздерге каалап кетерим, бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштер менен жетишкендиктерди, туруктуу келечекке ишеним жана бакубаттуу жашоону каалаймын.

Сизге чың ден-соолук, аманчылык, бакубатчылык, элибиздин жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн чыныгы жаратман эмгек каалайм!

Ак кар баскан Ала-Тообуздан кут кетпесин, желегибиз желбиреп, бийиктиктен түшпөсүн!”, - деп айтты.

Расмий бөлүктөн соң, шаар тургундарын жана коноторун кыргыз эстрада жылдыздары куттуктап, шаңдуу концерт тартуулашты.