Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Президиум 2023-жылдын 25–апрелине, саат 09.00 го Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын күнүн жана убактысын аныктады. Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун жыйынына төрага Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басарлары Токтосун Султанов, Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссияларынын төрагалары, депутаттар, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, анын орун басарлары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Президиум мүчөлөрү сессиянын күн тартибинин долбоорунун маселелерин такташты.