Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Элчибек Нуржадиевич!

Сизди Бишкек шаардык кеңешинин атынан, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздин кесипкөй жана адамдык сапаттарыңызды, чоң тажрыйбаңызды жана лидерлик талантыңызды, масштабдуу ой жүгүртүүңүздү жана жогорку жоопкерчилигиңизди билип, бул жооптуу кызматтагы ишмердүүлүгүңүз сиздин потенциалыңызды толук ишке ашырат жана кабыл алган чечимдериңиз Ош облусунун өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем.

Тыгыз кызматташуубузду улантып, ишкердик жана достук мамилелерибиз сакталышына жана  өнүгүшүнө ишенем.

Ишиңиздерге ийгилик, облуска керектүү масштабдуу иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч-кубат каалайм.