Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте борбордун 2023-жылга бюджетинин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжолун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Коомдук угуулар ушул жылдын 13-14-апрелинде өтөт.

Өтүүчү жери жана убактысы:

- Ленин администрациялык району 2023-жылдын 13-апрелинде саат 10.00 ( №13 гимназия-мектебинин залы, Москва көч., 174)

- Октябрь администрациялык району 2023-жылдын 13-апрелинде саат 14.00 («Таберик» залы, Б.Баатыр көч., 17)

-Биринчи Май администрациялык району 2023-жылдын 14-апрелинде саат 10.00 (№75 мектеп-лицейдин залы, Баялинов көч., 124)

- Свердлов администрациялык району 2023-жылдын 14-апрелинде саат 14.00 (№65 экология-экономикалык лицейи, Гоголь көч., 59)