Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу шаардыктар!

 

Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу, Бишкек шаарынын пайдасына багытталган ишмердигин сыйлоо, анын жайлуулугун жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыздоо максатында, “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2021-жыл үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиясы тарабынан көрсөтүлгөн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгарууга талапкерлер  тууралуу маалымат берет.

 

-  Осмонов Кыргызбай Арапбаевич -  Кыргыз Республикисынын эмгек сиңирген жана эл артисти;

- Сайрамбаев Досжан Шамшыкович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

- Торобаев Эргеш – Кыргыз ССРнин эмгеги сиңирген энергетиги, депутат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт жолку чакырылышынын депутаты;

- Долоталиева Дамира Темирбековна –  Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар ассоциациясынын президенти, «Дордой» СБКнын профсоюздар уюмунун төрайымы;

- Дуйшекеев Азамат Качкынович – Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын Дзюдо Улуттук федерациясынын өкүлчүлүгүнүн президенти;

- Акназарова Роза Корчубековна – экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгеги сиңирген  экономисти.

 

 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына талапкерлер тууралуу  өзүңүздөрдүн сунуштарыңыздарды жана пикирлериңиздерди  Бишкек шаардык кеңешине, Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дареги боюнча жөнөтүүнү өтүнөбүз.