Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
Жыл сайын 23-февралда биз Мекенибизди коргоп келген жана азыркы убакытта коргоп жаткандарга таазим жана ыраазычылык билдиребиз.
Бул майрам ар-намысыбызды, Ата-Мекенибизди көздүн карегиндей сактайлы деген ата-бабалардын керээзин эске салат.
Бүгүнкү өлкөдөгү тынчтык, стабилдүүлүк, биримдик элибиздин мурасы. Тынчтыкта гана экономика өнүгүп, эл тынч иштеп, бакубат турмуш курат.
Ушул күнү ар бир үй-бүлөгө бакыт, ынтымак жана бакубатчылык каалайм. Ардагерлерге ден соолук жана узак өмүр, солдаттар менен офицерлерге кызматын ийгиликтүү аткаруусун каалайм!