Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Коллегиянын отурумуна Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты. 
Финансылык көрсөткүчтөр жарыяланды. Кирешелер, чыгашалар жана тартылган инвестициялар боюнча отчеттон тышкары маалымат берилди. Мисалы, тез медициналык жардамга болгон жүктү азайтуу үчүн Бишкек шаарынын көчмө амбулаториялык кызматы түзүлгөн, анын карамында 16 унаа бар. 15 мектеп жана 1 бала бакча курулду. "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбооруна ылайык, 2-фазанын алкагында Бишкек шаарынын 11 жаны конуштарында жолдор курулган. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2022-жылга экологиялык таза отун менен жүргүнчү 120 автобустарын сатып алууга 1 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаты каралган. Азырынча борбор калаага 73 автобус келди.  Социалдык контракт берүүнүн алкагында Бишкек шаарынын калкынын социалдык жактан аярлуу катмарынан 350 үй-бүлө менен жалпы суммасы 35 млн сомго келишим түзүлгөн. Таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу, жашыл зоналарды көбөйтүү, магистралдык каналдарды тазалоо, канализация жана суу түтүктөрүн реконструкциялоо, шаардын айланасына светодиоддук лампаларды орнотуу жана башка көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө.