Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан– Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери коомдогу тынымсыз өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, мыйзамды жана адам укуктарын коргоодо, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүп жатат.

Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишенимин актап, коомдук коопсуздукту камсыздап, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрө бересиздер деп ишенем.

Кыргыз милициясы түзүлгөн күндөн тартып өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүп жана эрдиктин мектебине айланды. Коомдук коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгеги урматтоого татыктуу.

Бул күнү мен милициянын ардагерлерине – көп жылдар бою Ата-Мекен үчүн жан аябастан кызмат кылган, адеп-ахлактык жактан бекемделген адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, Кыргызстандын жарандарынын жана элинин жыргалчылыгы үчүн маанилүү иштерде ийгиликтерди каалайм!”