Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Социалдык камсыздоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздердин адамдардын жашоосуна боорукердик жана кайрымдуулук тартуулоо үчүн түзүлгөн кесипти аркалап жүрөсүздөр. Сиздер бүт күчүңүздөрдү берип жаткан иш ак ниеттүү мамилени, жан дүйнөңүздүн асылдыгын, чыдамкайлыкты жана боорукердикти талап кылат. Дал ушул сиздердин катышууңуздар жана колдооңуздар адамдарды келечекке ишеним менен шыктандырып, жалгыздыктан куткарып, турмуштук оор кырдаалдан чыгууга күч-кубат берет.
Азыркы коомдун турмушунда калкты социалдык жактан коргоонун ролу жыл сайын жогорулоодо. Шаардык муниципалитеттин ишинде социалдык саясатка көп көңүл бурулууда.
Бишкек шаарында 600 дөн ашык адам кары-картаңдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, балдардын жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн эмгектенет. Жөлөкпулдарды жана компенсацияларды өз убагында берүү жүргүзүлүп жатат жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын чөйрөсү кеңейүүдө.
Шаарыбыздын көптөгөн тургундары үчүн оор жана зарыл болгон ишке өзүн арнаган ар бириңиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем, сиздердин эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, ишке берилгендигиңиздер, сезимталдыгыңыздар жана адамдарга болгон көңүл бурганыңыздар үчүн таазим этем.
Баарыңыздарга чың ден соолук, кубаныч, ишиңизде ийгиликтерди жана бакыт-таалай каалайм!