Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

    Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлери «Таза Мурас» улуттук компаниясынын алкагында Ю.Фучик атындагы сейил багында жалпы республикалык ишембиликке катышышты.

    Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
    Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аймактарды таштандылардан тазалоо боюнча жалпы коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аракеттерин бириктирүү максатында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” экологиялык акциясы өткөрүлөт. 
    Ар бирибиз экологияга кам көрүп, жагымдуу шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз.