Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу мугалимдер!

Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атыман бүгүн сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Мугалим жана билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мугалимдин асыл, жоопкерчиликтүү, талапты талап кылган эмгеги ар дайым өзгөчө урмат-сыйга ээ болгон. Балага билим дүйнөсүнүн эшигин ачып, ага таалим-тарбия берип, жаш жаранды инсан катары калыптандырып, Кыргызстандын келечегине пайдубал түптөйсүздөр.

Сиздердин дилгирлигиңиздер, чексиз чыдамкайлыгыңыздар жана кесипке берилгендигиңиздер окуучулардын жүрөгүндө жаңырып, өсүп келе жаткан муунга татыктуу үлгү болооруна терең ишенем.

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөргө, ак ниет эмгегиңиздерге, милдетиңиздерге чексиз берилгендигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

Сиздерге, чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо, таланттуу, дилгир окуучуларды каалайм!