Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана өзүмдүн атымдан Эл аралык карылар күнүнө карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыздар!

Сиздер эң жылуу жана жүрөктөн чыккан сөздөргө татыктуусуз.

Сиздердин акылмандыгыңыздар эң кыйын күндөрдө бизди оптимизм жана тырышчаактык менен маселелерди чечүүгө үйрөтөт.

Бишкек шаарынын жана республикабыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар, ак ниет эмгегиңиздер жана тажрыйбаңыздар, боорукерлигиңиздер жана акылмандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирем!

Улууларды сыйлоо, өз тарыхын урматтоо элибиздин маданиятынын ажырагыс бөлүгү, жаркын келечекти түзүүдөгү негизги пайдубал болуп келген жана болуп кала берет.

Биз сиздерге бейпил жашоону камсыз кылуу, толук кандуу жашоого шарттарды түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, бейпил асман каалайм!