Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!

 

          Бишкек шаардык кеңешинин жана  жеке өзүмдүн атыман Кыргыз  Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

         Эгемендүүлүк күн - эркиндиктин символу болуп саналат жана татыктуу келечекке ишенишкен, өлкөнүн тарыхын билген жана сыйлаган, анын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон  республиканын  бардык жашоочуларын бириктирет.

         Биздин алдыбызда чоң милдеттер жана максаттар бар. Кийинки жылдары биз шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти активдүү жүргүзүп, экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашыруубуз керек. Ошону менен бирге, жарандык коомдун жардамына жана көмөк көрсөтүүсүнө таянып, шаардын экономикасынын өсүшүнө жетишүүбүз керек. Биздин башкы максат – тынчтык жана ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык жана токчулук.

         Ушул майрам күнү чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыздар. Өлкөбүздө асман ачык, тынчтык, элдердин жүрөгүндө бейпилчилик, ал эми үйдө - жыргалчылык болсун!