Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн спорт аянтчаларынын салатанаттуу ачылышы болду


    Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Ленин административдик району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Руслан Тагаев, жашоочулар жана ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышкан Ленин районунун №42, 50- жана 57-мектептеринде курулган спорт жана воркаут аянтчаларынын салтанаттуу ачылышына катышты.
    Балдар өздөрүнүн таланттарын жана спорттук жетишкендиктерин көрсөтүштү, өз кезегинде Куванычбек Конгантиев спорттук инвентарларды  белек кылды.
        Мурда Ленин районунун мектептерин кыдырганда, алар курулган учурдан тартып мектептердин аймактары өздөштүрүлбөгөндүктөн, бул жерлерге балдар үчүн жаңы форматтагы кооз спорт аянтчалары курула тургандыгы тууралуу чечим кабыл алган.
        Бүгүн пландар жана максаттар ишке ашты. Эми балдар заманбап жана сапаттуу спорт аянтчаларында спорт менен алектенишет.
Учурдан пайдаланып, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев бул долбоордун үстүндө иштегендерге ыраазычылык билдирди жана бул багытта белгиленген пландар боюнча иштер улантылаарын белгиледи.