Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу, Бишкек шаарынын пайдасына багытталган ишмердигин сыйлоо, анын жайлуулугун жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыздоо максатында, “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого ылайык,

Бишкек шаардык кеңеши 2021-жыл үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиясы тарабынан “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер  тууралуу маалыматтарды берет.

- Аматов Рысбай Аматович – Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Жумабаев Буркан – Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын байланышынын арадагери” КБсынын төрагасы”;

- Исмаилов Сайдахмат Аблезович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин «Ишеним»  фракциясынын лидери;

- Малаев Нимат Саидович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  врачы, Медициналык тез жардам ШКОнун КМО бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын башкы  отоларингологу;

- Мусаев Абдулда Инаятович - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген  кызматкер, элдик билим берүүнүн мыктысы, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БГУнун ректору;

 - Сариев Таалайбек Жолдошбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Эргешов Казыбек Кочкорович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын лидери.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына талапкерлер тууралуу  өзүңүздөрдүн сунуштарыңыздарды жана пикирлериңиздерди  Бишкек шаардык кеңешине, Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дареги боюнча жөнөтүүнү өтүнөбүз.