2022-жылдын 17-майында Таалайбек Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумда комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоковду төмөнкү маселелер боюнча угушту:
- каттарды жана кайрылууларды кароо;
- “2023-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору;
- «Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору.
Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече чечимдерди жана тапшырмаларды кабыл алышты.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

