Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бул майрамдын аталышы убакыттын өтүшү менен кандай өзгөрбөсүн, ал биз үчүн жаркын майрам бойдон кала берет.

Биз, борбор үчүн жооптуу бишкектиктер, өлкөбүздүн Негизги Мыйзамында - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бакубат жана органикалык жашоого татыктуу экенибизди жана анын аткарылуусу ар бир жарандын жана анын жыргалчылыгы көз каранды экенин бекем билебиз.

Биз, ар дайым ыңгайлуу шарттарды түзүүгө эмгектенип келебиз жана келечекте өсүп келе жаткан муун борборубузду, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды, анын тургундары жана коноктору үчүн ого бетер жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө эмгек кылат деп ишенем.

Бул майрам дагы эле эмгекчилердин тилектештигин чагылдырып, тынчтыкка, стабилдүүлүккө, бакубаттуулукка жана Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнө жалпы умтулуу менен бириккен бардык жаратман күчтөрдүн биримдигин билдирет.

Сиздерге тынчтык, чың ден-соолук, ар бир үйгө бакубатчылык жана жазгы маанай каалайм. Оптимизм жана кең келечекке болгон ишеним ар дайым коштоп жүрсүн!

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев